Кыргызстандык окуучулар күзгү каникулга 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин чыгышатБишкекте блокадагы Ленинграддын тургуну болгон Галина Тольская дүйнөдөн кайттыСалык кызматы өз атынан чалып жаткан алдамчылар тууралуу эскерттиКызыл-Кыяда 24 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалдыЗеленский Путин менен жолугушууну уюштурууда Эрдогандын жардамына үмүт артуудаНоокен районунда уруксат документтери жок ок атуучу курал ташуу фактысы аныкталды
Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды
20.12.2023 | 10:18
Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. Аны 59 депутат колдоп, бешөө гана каршы добуш берди.
“Бул өзгөрүү эмес, оңдоо. Мамлекеттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу чакырылыш болуп калышыңыздар ыктымал”, – деди төрага Нурлан Шакиев.
Долбоордун авторлору — Нурланбек Шакиев менен Улан Примов, бирок президент Садыр Жапаров Элдик курултайда депутаттарга желекти өзгөртүү тапшырмасын бергенин ачыктады.
Туунун авторлору өзгөрбөйт. Төрага Нурланбек Шакиевдин айтымында, 150дөй мекеме үчүн жаңы туу жасалат. Аны президент өз чөнтөгүнөн төлөмөкчү.
Азыркы желекти өзгөртүүсүз калтыруу боюнча change.org сайтына жарыяланган кол топтоону 6 миңден ашык адам колдоду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом