Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Бүгүн Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун карайт
20.12.2023 | 09:46
Бүгүн Жогорку Кеңеш жалпы отурумда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карайт.
Белгилей кетсек, парламенттин алты фракциясы желекти эки окууда бир өткөрүүнү сунуштаган.
Долбоордун авторлору – Нурланбек Шакиев менен Улан Примов, бирок президент Садыр Жапаров Элдик курултайда депутаттарга желекти өзгөртүү тапшырмасын бергенин ачыктады.
Парламентте аз сандагы эл өкүлдөрү гана демилгеге каршы чыгууда.
Жаңы мыйзам кабыл алынса, туу авторлору өзгөрбөйт. Төрага Нурланбек Шакиевдин айтымында, 150дөй мекеме үчүн жаңы туу жасалат. Аны президент өз чөнтөгүнөн төлөмөкчү.
Азыркы желекти өзгөртүүсүз калтыруу боюнча change.org сайтына жарыяланган кол топтоону 6 миңден ашык адам колдоду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз