Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Нарын, Ысык-Көл, Чүйдө мал уурдап жүргөн кылмыштуу топ колго түштү (видео)
05.01.2024 | 18:53
Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
4-январда Бишкекете Нарын облусунан келген Merсedes-Benz Sprinter жүк ташуучу унаасы токтотулуп, текшерүү учурунда ичинде уурдалган эки жылкы табылды.
ИИМдин маалыматында, кылмышка шектүүлөр мурда бир нече жолу, анын ичинде оор кылмыштары үчүн соттолгон. Алардын бири 16 жолу жоопко тартылган.
Кармалгандар:
-1987-жылы туулган К. А., Жалал-Абад облусунун тургуну,
– 1989-жылы туулган И. А. аттуу жаран, Нарын облусунун тургуну,
– 1990-жылы туулган А. Б., Чүй облусунун тургуну,
-1987-жылы туулган О. Б., Ысык-Көл облусунун тургуну.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал