Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
УКМК: «24.kg» басылмасына согушту пропогандалоо айыбы менен иш козголду
15.01.2024 | 14:57
“24.kg» басылмасына согушту пропогандалоо айыбы менен иш козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, медиага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси боюнча иш ачылган.
Комитет кеңседеги тинтүүдөн кийин компьютердик техника, ноутбук жана башка заттар иштин алкагында далил катары алынганын белгилейт.
«24.kg» басылмасынын башкы редактору Асел Оторбаеваны жана редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарды УКМКнын кызматкерлери суракка алып кетишти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом