Бүгүн Ашыралиевге акыркы сөз берилип, сот өкүм чыгарат

Бүгүн Ашыралиевге акыркы сөз берилип, сот өкүм чыгарат

Бишкек шаардык сотунда Алтынай Канзаманова менен анын уул-кызын өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиевге өкүм чыгарылат.

Бүгүн, 15-январда шаардык сотто Ашыралиевдин жактоочусунун Октябрь райондук соттун өкүмүнө карата аппеляциялык азырын кароо улантылды. Буга чейин райондук сот Ашыралиевди өмүр бою абакка кескен.

Алгач процессте Ашыралиев менен жабырлануучу тарап көрсөтмө берди.

Андан соң тараптар жарыш сөзгө өттү. Биринчи соттолуучунун жакточусу сөз алып, Ашыралиевдин күнөөсү толук далилденбегенин билдирди.

Ал эми Ашыралиев соттон өмүр бою эркинен ажыратпай, белгилүү бир мөөнөткө — 13, 15 же 20 жылга эркиндигинен ажыратууну суранды Анын айтымында, каргашалуу окуя анын так эсинде жок, бирок кийин үч адамды өлтүргөнүн эстесе, өзү Жогорку сотко кайрылып, өмүр бою түрмөдө отурууга даяр. Ал Алтынай Канзаманованы «өлтүргөн болушум мүмкүн» деп, бирок балдарды өлтүргөнүн моюндаган жок. Ал кичинекей баланын өлүмүн маркум Канзамановага оодарууга аракет кылды. Ал эми маркум кыз терезеден өзү секиргенин билдирди.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Ашыралиевдин күнөөсү далиденгенин белгилеп, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндү.

Прокурор да соттолуучунун күнөөсү далилденгенин айтып, Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.

Жарыш сөз аяктагандан кийин төрага кылуучу сот процессти бүгүн саат 17:00го жылдырды. Ал отурумда Ашыралиевге акыркы сөз берилип, сот өкүм чыгарат.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда Алтынай Канзаманова жана анын 2005-жылы туулган кызы менен 2014-жылы туулган баласы киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Иш Октябрь райондук сотунда каралып, 3-ноябрда сот Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Соттук отурумда Ашыралиев маркумдардын туугандарынан жана элден кечирим сурап, бирок кылмыш жасаганын мойнуна алган эмес.

Кийинчерээк Ашыралиевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Үч адамдын өлүмү: Ашыралиев аялды өлтүргөнүн мойнуна алды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>