Үч адамдын өлүмү: Ашыралиев аялды өлтүргөнүн мойнуна алды

Үч адамдын өлүмү: Ашыралиев аялды өлтүргөнүн мойнуна алды

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык сотунда Алтынай Канзаманова менен анын уул-кызын өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиевдин жактоочусунун апелляциялык арызын кароо улантылды.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Ашыралиев Алтынай Канзаманованы «мен өлтүрсөм керек» деп, кылмыш жасаганын мойнуна алды. Ошол эле учурда Ашыралиев Канзаманова кичинекей баланы өлтүргөндүктөн, аялды өлтүрүүгө барганын айтып, күнөөнү (баланын өлүмүн) маркум аялга оодарууга аракет кылды. Ал эми маркум кыз апасына болгон таарынычынан улам терезеден секиргенин билдирди. Ашыралиев балдарды өлтүргөнүн моюндаган жок.

Белгилей кетсек, 10-январдагы отурумда Ашыралиев окуя так эсинде жок экенин, маркум уул менен кызды ал өлтүрүшү мүмкүн эмес экенин айткан. Ошондой эле балдар апасы Алтынай Канзаманованын колунан каза тапкан болушу мүмкүн деп, күнөөнү маркум аялга шылтаган.

Бүгүн (15-январда) соттук процесстин башында прокурор соттолуучудан “Алтынай Канзаманованы ким өлтүргөн?” деген суроо узаткан.

Ашыралиев “балким мен, балким кызы” деп, аялдын өлүмүн каза болгон кызына оодарган.

Андан кийин прокурор “анда кызды ким өлтүрдү?” деп, Ашыралиевдин өткөндөгү жана бүгүнкү көрсөтмөлөрү карама-каршы келип жатканын кыйытып айткан.

Ашыралиев “ал өзү терезеден секирип кеткен” деген.

Маркум баланы ким өлтүргөн деген суроого ал “Алтынай Канзаманова” деп, күнөөнү кайра балдардын апасына шылтаган.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда Алтынай Канзаманова жана анын 2005-жылы туулган кызы менен 2014-жылы туулган баласы киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Иш Октябрь райондук сотунда каралып, 3-ноябрда сот Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Соттук отурумда Ашыралиев маркумдардын туугандарынан жана элден кечирим сурап, бирок кылмыш жасаганын мойнуна алган эмес.

Кийинчерээк Ашыралиевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Үч адамдын өлүмү: Эми Ашыралиев маркум аялдын өлүмүн анын кызына шылтоодо

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>