Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү 3 жылга соттолду
18.01.2024 | 13:27
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Чыныгүл Шеркулова 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жалал-Абад шаардык сотунан билдирди.
Активист бийликти күч менен басып алууга чакырык таштоо айыбы менен (Кылмыш-жаза кодексинин 327 беренеси) күнөөлүү деп табылды. Бирок жазаны өтөө мөөнөтү 2024-жылдын апрель айына чейин жылдырылды. Себеби Чыныгүл Шеркулованын кичине кызы 13-апрелде 14 жашка чыгат.
Белгилей кетсек, Чыныгүл Шеркулова 44 жашта, 3 баланын энеси. Ал парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын катарында аттанган.
Бийликти басып алууга чакырык жасоого шектелип 75 жаштагы аял кармалды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом