Ошто «аялым менен жүргөнсүң» деп тургундан 50 миң сом опузалаган киши кармалды

Ошто «аялым менен жүргөнсүң» деп тургундан 50 миң сом опузалаган киши кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 16-январда милицияга 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 2023-жылдын октябрь айында бир келин менен сүйлөшүп жүргөн кезде, ага келиндин С. аттуу таанышы келип, “мен анын күйөөсүмүн, сен менин келинчегим менен жакын мамиледе болгонсуң, жооп беришиң керек” деп коркутуп, 50 миң сом опузалаган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 17-январда опузалаган акчанын 15 миң сомун алып жаткан учурда 49 жаштагы М.С. аттуу жаран кармалган. Анын унаасынан бычак жана балта табылып алынган.

Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Ушуга окшош эле окуя Баткенде да болгон. 30 жаштагы жаран жубайы менен жаш жигиттерди “кылтакка илип”, акча опузалоо менен алектенген. Анын жубайы “Одноклассники” аркылуу жаш жигиттер менен таанышып, алар менен жашыруун жолугушуу тууралуу макулдашкан. Жолугушууга аялдын жолдошу барып, өзүн “кызганчаак күйөө” катары көрсөтүп, жаш жигиттерди коркутуп-үркүтүү, сабоо жолу менен акча опузалаган.

УКТ мүчөсү аялы менен жаш жигиттерди “кылтакка илип”, акча опузалоо менен алектенген

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>