Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бийликти басып алууга чакырык жасоого шектелип 75 жаштагы аял кармалды
18.10.2023 | 10:38
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү Салия Таштанова жана Чыныгүл Шеркулова камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге саясый уюмдан ырасташты.
Маалыматка караганда, Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча “бийликти күч менен басып алууга чакырык” таштоого шектелүүдө.
Салия Таштанова – 75 жаштагы пенсионер. Ал Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашайт.
Кочкор-Ата шаарынын тургуну, 44 жаштагы Чыныгүл Шеркулова да “бийликти күч менен басып алууга чакырык” жасоого шектелүүдө.
Аялдар УКМК тарабынан өткөн аптада кармалып, бөгөт чарасы аныкталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом