«Милициянын ордуна УКМК иштесин». ИИМдин ишине нааразычылык айтылды

«Милициянын ордуна УКМК иштесин». ИИМдин ишине нааразычылык айтылды

Ички иштер министрлиги өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу милдетин так аткарбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Винера Раимбачаева билдирди.

Ал үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арыздар убагында каралбай, кылмыштар өлүм менен аяктап жатканын белгиледи.

“Баткенде биринчи группадагы майып, дудук келин каза болду. ИИМдин кызматкерлери мындай мыкаачы адамдарды көзөмөлгө албай кайсы жакты карап жүрөт? Мындай фактылар буга чейин дагы болгон. Соцтармакта каралбай калган арыздар боюнча толтура маалыматтар бар”, — деди ал.

Депутат Ички иштер министрлигин текшерүү жүргүзүп, кызматына кыянаттык кылган, арыздарды карабаган жана милдетин аткара албагандарды иштен алууну сунуштады.

“Жарандар көчөгө чыккандан коркуп калды. Неге биздин жарандар ИИМге кайрылбай УКМКга арызданат? Биз милициянын айлыгын көтөрүүнү карап жатканбыз. Эми зарылчылдыгы барбы? Милиция иштебесе, УКМКнын кызматкерлеринин санын көбөйтөлү. Алар иштесин. Азыр коопсуздук комитети өзүнүн ыйгарым укуктарына кирбеген иштерди дагы аткарып жатат”, — деди ал.

Баткенде күйөөсү аялын көчөдөн муунтуп өлтүргөн

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>