Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Жер титирөөдөн кийин Бишкектеги үйлөрдөн жарака табылган жок
23.01.2024 | 14:34
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жер титирөөнүн кесепетин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мекеменин директору Нурдан Орунтаев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, комиссия Бишкек жана Чүйдөгү үйлөрдүн, айрыкча көп кабаттуу имараттардын бир тобун текшерип чыкты.
“Бишкектин жана Чүйдүн аймагындагы имараттардан дефект, жарака табылган жок. Комиссия ишин улантып, калган курулуштарды дагы карап чыгат”, – дейт Нурдан Орунтаев.
Белгилей кетсек, 22-январдан 23үнө караган түнү Кыргызстандын аймагында жер титиреди. ӨКМдин маалыматында, силкинүү күчү 3-6 баллга жетти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом