Бишкектеги үйлөрдүн канча баллдык силкинүүгө туруштук берери айтылды

Бишкектеги үйлөрдүн канча баллдык силкинүүгө туруштук берери айтылды

Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу курулган имараттардын баары 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук берет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам жана курулуш талаптарына жооп берген имараттардын сейсмологиялык коопсуздугу бекем.

“Мыйзамсыз курулган имараттардын тийиштүү кагаздары жок жана алар мамлекеттик кароодон өткөн эмес. Алардын коопсуздугу боюнча айта албайбыз. Андан тышкары бизде жер тамдар бар, алардын ичинен жыгач, саман менен салынган үйлөр кооптуу болот”, — дейт Нурдан Орунтаев.

Агенттиктин директору Ысык-Ата жаракасы боюнча атайын топ иштеп жатканын белгиледи.

«Акыркы жер титирөөдөн кийин биздин топ так ошол Ысык-Ата жаракасындагы үйлөрдү текшерип жатат. Кошумча маалымат беребиз», — деди Нурдан Орунтаев.

Белгилей кетсек, 22-январдан 23үнө караган түнү Кыргызстандын аймагында жер титиреди. ӨКМдин маалыматында, силкинүү күчү 3-6 баллга жетти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>