Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди камакка алынды.
Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Ал 26-февралга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Адвокат Кайсын Абакиров билдиргендей, депутатка карата мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча айып тагылууда.
Белгилей кетсек, 10-январда Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз