Кыргызстан дүйнөлүк капитал рынокторуна чыгуу үчүн «Oppenheimer Europe» компаниясын кеңешчи катары тартты

30.04.2026 | 10:56

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Oppenheimer Europe» инвестициялык банкынын капитал рыноктору тобунун тең жетекчиси Константин Деркачев менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында банкты өкмөттүн эксклюзивдүү кеңешчиси катары тартуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Талкууланган темалардын бири – өткөн жумада «Элдик Банк» ААКсынын 500 млн долларлык дебюттук (алгачкы) еврооблигацияларын жайгаштыруусу болду. Касымалиев бул кадамды тарыхый окуя жана дүйнөлүк инвесторлор үчүн Кыргызстандын каржы тутумуна болгон ишенимди тастыктаган күчтүү белги (сигнал) деп атады.

Өкмөт башчысы ошондой эле стратегиялык милдетти — өлкөнүн суверендүү кредиттик рейтингин ырааттуу түрдө жогорулатууну белгиледи.

«Экономикалык өсүштүн учурдагы ыргагы, ишке ашырылып жаткан түзүмдүк жана институционалдык реформалар, ошондой эле макроэкономикалык туруктуулуктун бекемделиши дүйнөлүк рейтингдердеги позицияларыбызды ырааттуу жакшыртуу үчүн бекем негиз түзүүдө. Буга байланыштуу биз алдыңкы эл аралык рейтинг агенттиктери жана каржы институттары менен өз ара аракеттенүүнүн проактивдүү стратегиясын түзүшүбүз керек», — деп билдирди ал.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы белгилегендей, кол коюлган макулдашуу Кыргызстандын эл аралык каржы уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү, негизги институционалдык инвесторлор менен мамилелерди куруу жана тикелей чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн институционалдык негиз түзөт. Келишимдерде дүйнөнүн алдыңкы каржы борборлорунда инвестициялык форумдарды жана роуд-шоуларды уюштуруу өзгөчө орунду ээлейт.

Reporter.kg маалымкаты: Oppenheimer Holdings — 1950-жылы негизделген америкалык көз карандысыз инвестициялык банк. Бүгүнкү күндө компаниянын АКШ боюнча 86 кеңсеси бар жана дүйнө жүзү боюнча эл аралык деңгээлде иш алып барат, ал эми анын 2024-жылдагы кирешеси 1,4 млрд долларды түзгөн. Oppenheimer Europe — Улуу Британияда катталган жана Финансылык көзөмөл башкармалыгы (FCA) тарабынан жөнгө салынган холдингдин европалык бөлүмү. Бул бөлүм европалык институттарга жана корпорацияларга корпоративдик каржы, акциялар, карыздык капитал рыноктору жана аналитикалык изилдөөлөр жаатында каржылык кызматтарды көрсөтөт.

Scroll to Top