Дзюдочу Эрлан Шеровго «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спортчусу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, былтыр Кытайда өткөн Азия оюндарында Шеров (90 кг) жеңүүчү атанып, Азия оюндарында алтын байге алган биринчи кыргызстандык дзюдочу болгон.
Ошондой эле, былтыр дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигинде алтын тагынган машыктыруучу Ислам Баялиновго «Ардагерлер арасында эл аралык даражадагы спорт чебери» жана дзюдочу кыз Кыял Амантуровага «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» наамы берилген. Сыйлыктарды аталган департаменттин директору Айбек Абдымомунов тапшырган.