Баткенде жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Баткенде жөө адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Баткенде жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, окуя жеринен качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, жол кырсык 28-январга караган түнү болжол менен саат 03:00до болгон. Үч-Коргон айыл аймагындагы Кызыл-Кыя — Кулатов жолунун 1-чакырымында белгисиз унаа жол жээгинде турган 48 жаштагы К.К. аттуу адамды сүзүп, качып кеткен. Унаа сүзгөн жаран окуя жеринде көз жумган. Маркум Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын тургуну болгон.

Жол милициянын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, шектүү катары Ford Focus унаасын айдаган 21 жаштагы М.К. уулу аттуу жаранды кармаган. Ал Ош облусунун Ноокат районунун тургуну болгон.

Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, иштин материалдары менен айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>