Чек ара жабык, бирок Тажикстан менен соода алака уланууда

12.02.2024 | 17:46

Кыргызстан менен Тажикстандын соода алакасы  2023-жылдын жыйынтыгы менен 2,1 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 26-майында кыргыз өкмөтү Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жаап, бардык кыймылдар токтотулганын айткан.

Статкомдун маалыматына ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыш 2019-жылдан бери 28 эсеге азайды.

Экспорт 2021-жылы – 23  милллион 794 миң 200  долларды, 2022-жылы – 3 миллиона 314  тысячи 800 долларды, 2023-жылы – 1 миллион 200 миң долларды түздү.

Өткөн жылы Кыргызстан кошуналарга мунай зат товарларын, жардыруучу каражаттарды, ванна, раковина, эмерек жөнөткөн.

Ал эми импорт 2021-жыл – 1 миллион 707 миң долларды, 2022-жылы – 4 миллион 100 миң долларды, 2023-жылы – 900 миң доллар болду.

Тажикстан Кыргызстанга көбүнчө мөмө-жемиш, куртатылган жана дан азыктарын, дары-дармек, велосипед, жер семирткичтерди саткан.

Scroll to Top