Бишкекте «Тырыш» каймана аты бар чөнтөкчү кармалды (видео)

Бишкекте «Тырыш» каймана аты бар чөнтөкчү кармалды (видео)

Бишкектеги коомдук унааларда чөнтөк уурулугу менен алектенип жүргөн “Тырыш” аттуу каймана аты бар жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматы боюнча, “Тырыш” каймана аты бар 33 жаштагы Ю.Р. аттуу жаран буга чейин чөнтөк уурулугу үчүн 7 жолу соттолгон. Андан тышкары үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча милицияга жеткирилген.

Милицияга коомдук унаалардагы чөнтөк уурлугу тууралуу маалыматтар түшүп, анда аталган жарандын катыштыгы бар экени айтылган. 31-январда “Тырыш” каймана аттуу чөнтөкчү №42 автобуста кыз кишинин 140 миң сомдук iPhone 15 Pro Max телефонун уурдап алган. Ал учур автобустагы камерага түшүп калган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда дагы тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ аталган жарандын кылмыштуу аракеттеринин жабыркагандар болсо, 0 709 990 160 номерине кабар берүүсүн суранат.

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>