Пенсия: Бийик тоолуу шарттарда жашап, иштегендерге жакшы жаңылык (видео)

Пенсия: Бийик тоолуу шарттарда жашап, иштегендерге жакшы жаңылык (видео)

Бийик тоолуу шарттарда жашап, иштеп, пенсияга чыккан жарандар башка райондорго көчүп кеткен учурда да алар үчүн каралган жеңилдиктерди, жогору коэффициенттерди калтыруу пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Reporter.kg′ге курган маегинде билдирди.

Ал белгилегендей, учурда бийик тоолуу шарттарда жашап, иштегендерге пенсияга чыгып жатканда жеңилдиктер каралган, жогору коэффициенттер кошулат. Бирок пенсионер бийик тоолуу деп эсептелбеген райондорго көчүп кетсе, аталган коэффициенттер жокко чыгарылып калат. Мындан улам аталган нормага өзгөртүү киргизүү пландалууда.

«Азыр “бийик тоолуу шарттарда жашап, иштеген болсо, кайсы жерге барып жашаганына карабай кошумча коэффициенттер калышы керек” деген өзгөртүү киргизип жатабыз», — деди Алиев.

Алдыдагы өзгөрүүлөр, 13-пенсия. Соцфонддун төрагасы менен маек (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>