Бишкекте экстремизмдин алдын алуудагы актуалдуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
13-февралда ИИМдин демилгеси менен ички иштер органдарынын, сот жана прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамынын айрым жоболорун киргизүү, министрлер кабинетинин 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча семинар өткөрүлдү. Ага укук коргоо органдарынын, прокуратуранын, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматкерлери, укук жана медиа боюнча эксперттер катышты.
«Семинардын жүрүшүндө экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүдө ИИМ тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык аймактык комиссиянын ишмердүүлүгү, экстремизмди алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар менен биргеликте иштешүүнүн көйгөйлөрү, “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын артыкчылыктуу багыттары боюнча баяндамалар окулуп, андан соң ар бир тармак кызматташууну бекемдөө жөнүндө өздөрүнүн пикирлерин билдиришти.
Башкы уюштуруучусу болгон Ички иштер министрлигинен Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысынын орун басары М. Абдыкулов сөз сүйлөп, эки күндөн бери өтүп жаткан иш-чара экстремизмдин алдын алууда өз салымын кошорун жана жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоого арналганын баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.
Андан соң, экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүдө ИИМ тарабынан көрүлүп жаткан чаралар боюнча кенен маалымат берилип, бул багытта козголгон кылмыш иштерине талдоо жүргүзүлгөн. Ошондой эле, экстремизмге каршы көрүнүштөрдүн жана ошондой эле улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу максатында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана анын аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери мамлекеттик органдар, бейөкмөт жана диний уюмдар менен биргеликте республиканын бардык аймагын кыдырышып, эл арасында түшүндүрүү иштерин, тегерек столдорду, семинар-тренингдерди, конференцияларды өткөрүшкөнү айтылган. Ошондой эле, жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында эскертмелер, буклеттер таратылган.
«Белгилеп кетүүчү жагдай, Ички иштер министрлиги тарабынан экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу максатында бардык мамлекеттик органдар, күч түзүмдөрү менен биргелешкен иш-чаралардын пландары иштелип чыгып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.