Май майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыкта
Ууру батирге кирип, 150 миң сомдук зер буюмдарды көтөрүп кеткен
15.02.2024 | 18:22
Бишкекте батирлерге кирип, уурулук кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-январда 5-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде уурулук жасалган. Кылмышкерлер баасы 150 миң сомдук зер буюмдарды жана 3 миң сом акчаны уурдап кеткен. Үй ээси милицияга арыз жазган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Милициянын маалыматы боюнча, ал буга чейин батирлерде уурулук кылганы үчүн бир нече жолу соттолгон.