Боронов Лейлектеги милицияга мыйзамсыз иштерден оолак болууну эскертти

Боронов Лейлектеги милицияга мыйзамсыз иштерден оолак болууну эскертти

Баткен облустук милициянын башчысы Мурат Боронов Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен жолукту.

Облустук милициядан билдиришкендей, жолугушууда ал милиция кызматкерлерине жарандарга сылык мамиле жасоону, аткезчилик менен коорупциялык көрүнүштөрдөн оолак болууну эскертип, катуу тапшырмаларды койгон.

«Жарандардын арыздарын өз убагында каттап, кылдат текшерүүнү, милициянын көчмө кабылдамасы менен элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүүнү жандантууну тапшырып, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери мыйзамдуу иш алып баруусу керектигин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Боронов үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү менен бирге иш алып баруу керектигин айтып, бул иш-аракет чоң натыйжа берерин билдирген.

Жолугушуудан кийин ал Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн курулушу менен таанышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>