Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Кыргызстанда расмий түрдө 385 жаңы кесип пайда болот
15.02.2024 | 19:01
Кесиптердин классификаторуна дагы 385 түрү кошулат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Компетенцияларды сертификациялоо жана валидациялоо: эмгек рыногунун мейкиндиктери” форумунда билдирди.
Мекеменин маалыматында, реестрде учурда 3 миң кесип бар.
Классификатор – өлкөдөгү бардык адистиктер жана кесиптер жөнүндө структураланган маалыматтык база. Эмгек шарттарын, кызматкерлердин квалификациясын, алардын маянасы, жумуш процессинин жана башка компоненттерин камтыйт.
Форумга мамлекеттик органдардын, соода-өнөр жай палатасынын, көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун, окуу жайлардын, жумуш берүүчүлөрдүн тармактык ассоциацияларынын жетекчилери жана кызматкерлери чогулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар