Бишкек шаарында 12-февралдан 18-февралга чейин жалпысынан 6729 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардан:
— мас абалында унаа айдагандыгы үчүн – 58;
— транспорт каражатын каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 160;
— айдоочулук күбөлүксүз айдоо үчүн – 93;
— жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн – 516;
— жол белгилерине баш ийбегендиги үчүн – 4547;
— тонировка үчүн – 12;
— мотоциклдик каскаларды же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн – 397;
— башка укук бузуулар – 946.
Мындан тышкары 553 унаа убактылуу токтотуучу жайга коюлган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз