Бишкекте эки базар менен эки кафеге кар тазалабаганы үчүн айып салынды

Бишкекте эки базар менен эки кафеге кар тазалабаганы үчүн айып салынды

Бишкек шаарында муниципалдык инспекция тарабынан кардан жана муздан тазалоо боюнча рейд жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө бир катар чарбалык субъектилер текшерүүгө алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине ылайык протоколдор түзүлүп, көчөдө жүргөн чарба субъектилерине айып пул салынды. Юнусалиев 160/1, К.Акиев көчөсү 83 дарегиндеги чарба субъектисине,  Горький көчөсү 1  дарегиндеги «Авто центр» ЖЧКсына, 8-кичи район 40 дарегиндеги Тазабек  уулу С. аттуу жаранга таандык чарба субъектиге протокол түзүлүп, айып салынды.

Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин негизинде Гагарин көчөсүндөгү 16-үйдөгү «Ташкент» кафеси жана Бакаев 78  дарегинде жайгашкан  «Зам-Зам» кафелерине жанындагы чектеш аймакты  муздан тазалабагандыгы үчүн жалпысынан 26 миң сом айып салынган.

Ошондой эле базардын аймагынан карды көчөгө  алып чыккандыгы үчүн «Баткен» базарынын администрациясына 13 миң сом айып, ошондой эле «Орто-Сай» базарына да 13 миң сом айып салынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>