Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан үч бир тууган аман-эсен табылды
26.02.2024 | 12:36
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан үч бир тууган – Раяна Марукова, Мусабек Маруков жана Исабек Маруков аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, бир туугандар бүгүн, 26-февралда Ысык-Көл облусунан табылган. Милиция кошумча маалымат бере албай турганын билдирди.
Жергиликтүү басылмалардын бири жазгандай, балдар Ысык-Көлдөгү туугандарынын үйүнө кетип калышканы такталып, ошол жактан табылды.
Эскерте кетсек, буга чейин 24-февралда милицияга балдардын атасы кайрылып, 2009-жылы туулган кызы Раяна Марукова жана 2012-жылы төрөлгөн уулдары Мусабек жана Исабек Маруковдор ошол күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом