Бишкекте дайынсыз жоголгон үч бир тууган изделүүдө

Бишкекте дайынсыз жоголгон үч бир тууган изделүүдө

Бишкекте дайынсыз жоголгон үч бир тууган – Раяна Марукова, Мусабек Маруков жана Исабек Маруков изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 24-февралда милицияга Б.А. аттуу жаран кайрылып, 2009-жылы туулган кызы Раяна Марукова жана 2012-жылы төрөлгөн уулдары Мусабек жана Исабек Маруковдор ошол күнү Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Милиция дайынсыз болуп жаткан балдарды көргөндөр болсо, 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.

Раяна Марукованын белгилери: бою 165 см, арык чырай, чачы күрөң

Кийген кийими: кара куртка, кара топу

Мусабек Маруковдун белгилери: бою 130 см, арык чырай, чачы кара

Кийген кийими: көк куртка (кызыл өңдөрү бар), боз топу

Исабек Маруковдун белгилери: бою 130 см, көк куртка (жашыл өңдөрү бар), көк топу

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>