2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
«Кумтөр» бир жылда канча алтын сатканын ачыктады
26.02.2024 | 14:50
2023-жылы «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 13 тонна 577 кг алтын сатты. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ишкананын таза кирешеси 302,4 миллион долларды түздү.
Республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которулду.
Өткөн жылы Кумтөр кен жайындагы Алтын ылгоочу фабрикага заманбап эки тик тегирмен жана кошумча эритүүчү жаңы чандар орнотулду. Муну менен жылына 7 миңден 12 миң унцияга чейин кошумча алтын өндүрүүгө шарт түзүлдү.
Былтыр Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу тесттик режимде ишке киргизилип, 17 тоннадан ашык алтындын запасы бар Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жумуштары башталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика