Ош облусунда мыйзамсыз сакталган куралдар алынды

26.02.2024 | 14:58

Ош облусунда мыйзамсыз сакталган куралдар алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, «Арсенал» аттуу иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жарандардын каттоодо турган куралдарын жана ок атуучу куралды сактоого укук берилген мекеме-уюмдардын кызматтык куралдарынын сактоо шарттарын жана уруксат мөөнөттөрүн  текшерген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган 12 даана ок атуучу курал жана 234 даана ок-дары алынды. Аларга тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Ок атуучу куралды сактоо шарттарын жана кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 47 жаранга Укук бузуулар кодексинин 133-134-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 126 миң сом айып салынды.

Ошондой эле 3 курал жараксыз абалга келгендигине жана 2 куралдын ээси каза болгондугуна байланыштуу башкармалыктын карамагына алынган.

Кылмыш-жаза кодексинини 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 268-беренесинде (Куралды мыйзамсыз сактоо) белгиленген буюмдарды (ок  атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды) өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырган жарандар ушул беренелерде каралган жосун үчүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

[image_carousel source=”media: 206418,206419,206420,206422″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top