Көк бөрүнү Астанадагы Көчмөндөр оюндарына кошуу маселеси Бишкектеги жолугушууда чечилет

Көк бөрүнү Астанадагы Көчмөндөр оюндарына кошуу маселеси Бишкектеги жолугушууда чечилет

Көк бөрүнү Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизүү маселеси Бишкектеги жолугушууда чечилет. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Көк бөрү федерациясынан президенти Рамис Жунусалиев билдирди.

Жунусалиевдин айтымында, аталган жолугушуу март айында өтөт. Ага Казакстан тараптан өкүлдөр келет. Жолугушууда көк бөрү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирер-кирбеси белгилүү болот.

Эскерте кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-14-сентябрда Астанада өтө. Аталган оюндардын программасына көк бөрү кирбей калган. Анын ордуна көкпар боюнча оюн уюштурула турган болгон. Бул жаңылык Кыргызстанда кызуу талкууга алынып, көк бөрү күйөрмандарырын нааразычылыгын жараткан.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Ал алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган Оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Казакстанга берген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстан тарабынан уюштурула баштагандан тарта көк бөрү боюнча мелдештер дайыма өткөрүлүп жүргөн. 2022-жылы Көчмөндөр оюндары Түркияда өткөндө көк бөрү жана көкпар боюнча өзүнчө мелдештер уюштурулган.

Астанадагы Көчмөндөр оюндары көк бөрүсүз өтөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>