Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы ээлеген кызмат ордуна жана атайын наамына карабастан бирдей жоопкерчиликке тартылатКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болдуКеминде эркек кишини сабап өлтүрүп кетишти — шектүүлөр кармалды. ВидеоБишкекте унаа ЧЧКга түшүп кетти — айдоочу эмне болду?Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилдиБишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууланды
АКШнын Филадельфия шаарында эки кыргыз жигити жол кырсыгында каза болду
04.03.2024 | 12:21
АКШнын Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында жол кырсыгында эки кыргызстандык каза болду. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги ырастады.
Алар – 2002-жылы туулган Актилек Бактыбеков жана 2003-жылы туулган Төлөбек Эсенбеков экендиги аныкталды.
Учурда Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тарабынан кырсыктын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси каралып жатат.
Америкадагы мекендештердин билдирүүсүндө, маркум мигрант жигиттер жакында эле грин карт аркылуу барышкан. Алардын бири курьер катары иштеп жүргөн.
“Машинасы бузулуп, жол жээгинде турган кезде мас абалында келе жаткан айдоочу арттан келип сүзүп кеткен”, – дейт АКШдагы кыргыздар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом