Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
«Ак илбирс» кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды
11.03.2024 | 17:27
«Ак илбирс-2024» кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу уюштуруучлар билдирди.
Сыйлыкты алууга 2023-жылы тартылган бардык тасмалар ат салыша алат. Арыздар 1-апрелге чейин кабыл алынат. Сыйлык тапшыруу аземи 17-майда Бишкекте өтөт.
Кино сыйлык 18 номинация боюнча берилет:
- «Мыкты тасма»;
- «Мыкты режиссёр»;
- «Мыкты сценарий»;
- «Мыкты оператор»;
- «Мыкты сүрөтчү»;
- «Мыкты композитор»;
- «Мыкты үн режиссёру»;
- «Мыкты монтаж»;
- «Эркектин мыкты ролу»;
- «Аялдын мыкты ролу»;
- «Мыкты даректүү тасма»;
- «Мыкты кыска метраждуу тасма»;
- «Көрүүчүлөр жактырган тасма»;
- «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
- «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
- «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»;
- «Борбор Азиянын мыкты актёру»;
- «Борбор Азиянын мыкты актрисасы».
Арыздарды akilbirsnma@gmail.com дарегине жөнөтүү зарыл
Координатор – Саадат Казакбаева, +996(706) 190 201