Каракөлдө мүрзөгө эстелик тургузууну токтотуу чечими кабыл алынды

Каракөлдө мүрзөгө эстелик тургузууну токтотуу чечими кабыл алынды

Каракөл шаарынын тургундары мүрзөгө эстелик тургузууну токтотуу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Маалыматка караганда, бул калаа тургундарынын бүтүмү.

«Ал эми Каракулжа районунун айрым айылдарында куран окуткандар жылкы союп, түрлөп дасторкон жасап убара болбойт экен. Коом мына ушинтип үлгү алып, тарбияланышы керек. Президент Садыр Жапаров дагы ысырапкорчулукка каршы экенин көп жолу айтып келет. Көзү өткөн ата-энесине, уулуна деле кымбат баалуу таштардан эстелик тургузган эмес, тактайчага аты жөнүн жаздырган. Куру намыс менен чарпыла бергенди токтотсок», — дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жогоруда аталган буйругунун негизинде Жалал-Абадда маркумду акыркы сапарга узатууда мал сойгондорго айыппул салуу чечими кабыл алынган. Ал эми Ноокат районунда аялдарга кафе-чайканага чогулууга жана үй-бүлөлүк мааракелерди коомдук тамактануучу жайларда өткөрүүдөн алыс болуу боюнча чакырыктар айтылууда.

Ноокатта аялдарга чайканага барууга тыюу салындыбы? Жергиликтүү бийликтин жообу

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>