Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Run the Silk Road эл аралык марафону Чолпон-Атада 4-майда өтөт
15.03.2024 | 09:43
Run the Silk Road эл аралык марафону Чолпон-Ата шаарында 4-майда өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Иш-чаранын алкагында 42,2 чакырым (марафон), 21,1 чакырым (жарым марафон), 10 жана 3 чыкырымга, ошондой эле скандинавиялык жөө басуу боюнча жарыш өтөт. Ага кесипкөй спортчулар менен бирге бардык каалоочулар катыша алат. Быйылкы жарышка 3000ге жакын жөө күлүк катышары күтүлүүдө.
Марафон жана жарым марафондо алдыңкы 6 орунга татыгандарга акчалай сыйлык берилет.
Байге фонду 1 млн 534 миң сом.
Марафонго катышуу үчүн www. runthesilkroad.com шилтемеси аркылуу 3-майга чейин катталуу керек.
Маалымат алуу үчүн телефондор:
+996 312 886 410, +996 500 33 99 70.