Ошто Кара-Суу, Баткен менен бир күндө парламентке шайлоо өтөт

Ошто Кара-Суу, Баткен менен бир күндө парламентке шайлоо өтөт

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунда 28-апрель күнү Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоо өтөт. Бул боюнча буйрукка президент кол койду.

Бул округтан шайланып келген Айбек Осмонов 13-мартта мандатын тапшырды. Саясатчы депутаттык орундан баш тартуусунун себебин түшүндүргөн жок.  Бирок анын дагы мамлекеттик жана саясый кызматтарды «матраимовчулардан» тазалоо иш аракетине кабылганы айтылууда.

Белгилей кетсек, мандатын тапшырган 13 эл өкүлүнүн ичинен төртөө бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышкан. Алар: Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев, Абдыбахаб Боронбаев жана Айбек Осмонов. Шайлообек Атазов дагы мурдагы бажычынын колдоочусу катары мандатынан айрылышы күтүлүүдө.

УКМК Камчы Көлбаев жана Райымбек Матраимовдун «мафиясы» менен тымызын байланышта болгон 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлер аныкталганын, алардын ичинен 180ден ашык адам ээлеген кызматынан бошотулганын кабарлаган.

Камчыбек Ташиев Көлбаев жана Матраимовдун мафиясын жок кылынарын 2023-жылдын 2-ноябрында билдирген. Көп өтпөй мурдагы бажычы издөөгө алынган.

13 депутат мандаттан айрылды. Парламентте комиссия түзүү сунушталды

Тэги: Ош шаары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>