Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Москвадагы терактыга шектелген Касимов 10 жыл мурда кыргыз жарандагынан чыккан
26.03.2024 | 17:06
“Крокус Сити Холл” концерттик залындагы террордук кол салууга сегизинчи шектүү катары кармалган Алишер Касимов кыргыз жараны эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ал 2014-жылы жарандыгын тапшырган.
“Андыктан анын укуктарын коргоо Кыргызстандын Орусиядагы расмий өкүлчүлүктөрүнүн милдети эмес”, – дейт ТИМ.
Белгилей кетсек, Алишер Касимов соттун чечими менен бүгүн 2 айга камакка алынды.
Орус медиасынын маалыматында, ал Краснагорск шаарында кафе иштетип жүргөн. Кыргызстанда туулган, үч баланын атасы.
Алишер Касимов куралдуу кол салууга шектелип жаткандар менен тааныш эместигин, аларга “Авито” сервиси аркылуу батирин ижарага бергенин айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар