Орусия эмгек мигранттары менен келишимди 2 жылга чектейт

Орусия эмгек мигранттары менен келишимди 2 жылга чектейт

Орусия эмгек мигранттары менен келишимди 2 жылга чектейт. Бул боюнча мыйзам долбоорун Мамлекеттик думанын тийиштүү комитети колдоого алганын «Известия» басылмасы жазды.

Демилгеде чет элдик жарандарды жумушка алуу жол-жобосу каралган. Ага ылайык мигрант бир жумушта 2 жылга чейин гана иштей алат. Иш берүүчүнүн калоосу менен келишим мөөнөтү андан ары узартылат, же чет элдик жаран өлкөдөн чыгып кетиши керек болот.

«Чет элдик жарандардын Россия Федерациясынын аймагында жүрүүсүн көзөмөлдөө Ички иштер министрлигине жүктөлгөн. Ошону менен бирге коомдук юридикалык компания түрүндөгү мамлекеттик уюм түзүү пландаштырылууда. Ал уюшкан жалдоо оператору катары иш алып барат, негизинен россиялык компаниялар үчүн кадрлар борбору катары иштейт. Ошол эле учурда, ал ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө байланыштуу болот жана ал муктаждыктары үчүн жумушка алынган иш берүүчү менен кызматкердин жайгашкан жерине мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү», — деп жазат басылма РФ Эмгек министрлигине шилтеме берүү менен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: миграция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>