Өзбекстан Нарын дарыясына 434 млн долларга ГЭСтер каскадын кура баштады

Өзбекстан Нарын дарыясына 434 млн долларга ГЭСтер каскадын кура баштады

Нарын дарыясынын Өзбекстандын Наманган облусундагы бөлүгүндө ГЭСтер каскадынын курулушу башталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин президентинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 6 гидроэлектрстанциядан турган каскад Уйчи районунда салынат. Анын кубаттуулугу 228 МВтты түзөт. Каскад курулуп бүткөндөн кийин жылына 1 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүп турат. Ал бир жылда 310 млн куб метр газды үнөмдөөгө өбөлгө түзүп, 430 миң үйдү электр энергия менен камсыз кылууга жетет.

ГЭСтер каскадын курууга 434 млн доллар каралды. Бул долбоорду «Өзбекгидроэнерго» ишканасы жүзөгө ашырат.

Ошондой Намангандын Пап районунда ар биринин кубаттуулугу 500 МВт болгон күн электр станциялары салынат. Бирин Германиянын, экинчисин Бириккен Араб Эмираттарынын компаниясы курат. Аларды курууга 700 млн доллар кетет (ар бири 350 млн доллардан).

Бул үч долбоордун курулушун баштоого 25-мартта президент Шавкат Мирзиеев старт берди.

Эскерте кетсек, башаты Кыргызстанда жайгашкан Нарын дарыясы Өзбекстандын Наманган облусуна агып өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>