Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Байрамовдун расмий сапары 8-9-апрелде болуп өтөт. Ал Кыргызстанга ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келүүдө.
Эки министр Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташтык маселелерин талкуулайт.