Италияда Кыргызстанда тигилген кийимдердин көргөзмөсү болду

Италияда Кыргызстанда тигилген кийимдердин көргөзмөсү болду

Италиянын эң ири “CIS di Nola” коммерциялык бөлүштүрүү борборунда (Неаполь провинциясы) Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Анда 20 компаниянын ассортименти тартууланды.

Италиялык ишкерлер менен моделдөө, дизайн, кездеме тандоо, Кыргызстанда продукцияны контракттык түрдө чыгаруу боюнча кызматташуунун келечеги, ошондой эле даяр продукцияны андан ары экспорттоо үчүн логистика маселелери талкууланды.

Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча “CIS di Nola”нын президенти жана коммерциялык Директору Ф.Гвида жана Ф.Гримальди 2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандагы кийим тигүүчү ишканалар менен түз байланыш түзүү жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыгы үчүн кызыкдар италиялык компаниялардын тобун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.

Быйыл мындай көргөзмө иш-чараларын Италиянын бир катар башка аймактарында да уюштуруу пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>