Бишкектин көчөлөрүн оңдогон компаниялар быйыл кайра асфальттап чыгат

Бишкектин көчөлөрүн оңдогон компаниялар быйыл кайра асфальттап чыгат

Бишкектин көчөлөрүн 2023-жылы оңдогон менчик компаниялар быйылы өз каражатына кайра жасап чыгат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Былтыры ордо калаада 18 көчөдө капиталдык оңдоодон өткөн.

««Бишкекасфальтсервис» өзү өз мөөнөтүндө аткара албасына көзү жетип кошумча 15 жеке компанияга көчөдөгү ремонт иштерин бөлүштүрүп бериптир. Алардын алтоосунун жасаган иштеринде кемчиликтер табылып, азыр кайра өз каражатына оңдошот. Ошондой эле алар «кара тизмеге» кирип экинчи мындай иштерге жолотулбайт», — дейт өлкө башчысы.

Президенттин айтымында, башка аймактарда дагы жасалган жолдун сапатына суроолор көп.

«Бул жогоруда айткандай жолдорду өз күчүбүз менен сала баштадык.. Албетте, сапаты жагынан бир аз кемчиликтер болууда. Көч бара-бара түзөлөт дегендей транспортчуларбыз сапатка чыга баштайт. 3-5 жыл керектелет менимче. Жеке компанияларга карата көз карандылыкты жоюу жана үзгүлтүксүз өз убагында камсыз кылуу максатында 2023-жылдын мартынан тарта министрлик жол белгилерин өзү чыгара баштады», — дейт Садыр Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>