Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
“Актерду шылдыңдабагыла!”. Чокморовдун айкели бир аптадан бери ак матага оролуп турат
25.04.2024 | 13:20
Актер Сүймөнкул Чокморовдун Бишкектин борборундагы айкели бир аптадан ашык убакыттан бери ак кездемеге оролуп, ачылбай турат. Буга байланыштуу шаар тургуну Чолпон Кулмухамбетова социалдык тармак аркылуу мэрге кайрылды.
Ал эстиликтин ачылбай турушу маданиятсыздык экенин белгилейт.
“Бул борбор калаада болбой турган көрүнүш. Бир аптадан бери ушунтип турат”, – дейт ал.
Шаардыктар бул көрүнүштү актерду шылдыңдоо, кордоо катары кабыл алганын жазууда.
Белгилей кетсек, Сүймөнкул Чокморовдун айкели 2017-жылы орнотулган. Бирок ал көпчүлүккө жаккан эмес. Коомчулуктун сын-пикири кабыл алынып, эстелик кайра жасала турган болуп, ал 2022-жылы алынган.

Жаңысын скулпьтор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом