Кара-Суу бир мандаттуу округдан ким депутат болуп шайланды?
Борбордук шайлоо комиссиясы 4-майда №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.
Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 62 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 033 шайлоочу киргизилген.
№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 12 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 7 талапкер катышты.
Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 1-майындагы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 28-апрелде 21 023 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин саны 18,77% түздү.
Талапкерлер төмөнкүдөй добуштарын алышты:
– Ажимаматов Сталбек Асанович – 2682 добуш (12,76%);
– Бакир Бакытбек – 533 добуш (2,54%);
– Эргешов Толкун Турдукулович – 2651 добуш (12,61%);
– Курбанов Раимжан Рахманович – 1884 добуш (8,96%);
– Мамазакиров Рустам Умарович – 1112 добуш (5,29%);
– Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович – 7599 добуш (36,15%);
– Орунбаев Турдубек Дуйшонович – 3633 добуш (17,28%);
– «Баарына каршы» позициясына 458 шайлоочу добуш берген (2,18%).
Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясы №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичти Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп тааныды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз