7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен кетти. Делегациянын курамы
07.05.2024 | 18:00
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда иш сапары менен Россияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалыматы кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров Москвада өтө турган ЕАЭБдин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чарага катышат.
Расмий делегациянын курамы:
– министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат;
– экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
– Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом