Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
08.05.2024 | 10:09
Лейлек районунун Ак-Босого айылы
Баткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу. Бул тууралуу облустук администрация билдирди.
Маалыматка караганда, президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен сүйлөштү.
Бүгүн саат 11:00дө эки облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, окуя болгон жерде жолугушуп, жеринде териштирүү жүргүзөт.
Эскерте кетсек, кечээ 7-майда Раззаков шаарынын Ак-Босого конушунда окуя катталды. Анда Кыргызстандын аймагына кирип келген тажик малчылары чек арачыларга карай ок атышкан. Кыргыз аскерлери асманга ок чыгарууга аргасыз болушкан.
Ак-Босого конушу Тажикстандын Коргончо айылы менен чектешет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом