Аламүдүн капчыгайына жөө жүрүшкө чыккан 3 орус туристти табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Алар өздөрүнүн Новосибирскдеги тааныштарына байланышка чыгышкан. Үн байланыш жөнөтүлгөн жер аныкталып, чет элдик жарандар куткарылды.
Эскерте кетсек, туристтер 30-апрелде кеткенден бери дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат ӨКМге 8-майда кабарланып, издөө иштери башталган.