Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Окурман: Бишкекте жарнамалап тиккен туялары куурап калып, кайра жулуп жатышат (видео)
14.05.2024 | 17:56
Борбор калаанын Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда тигилген туялар куурап калгандыктан, “Бишкек жашыл чарба” ишканасы аларды кайра жулуп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окурман билдирди.
Окурман жөнөткөн видеодон көрүнгөндөй, “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери куураган туяларды жулуп, жүк ташуучу унаага жүктөп жатканын көрүүгө болот.
“Жазында тиккен туялары соолуп калып, жулуп жатышат. Тигип жатканда аябай жарнамалашкан эле”, – деп жазды окурман.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом