Кыргызстан АКШны жеңди: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктарЖогорку Кеңеште иттерди атууга тыюу салып, чиптештирүүнү киргизүү сунушталуудаКөчмөндөр оюндарынан кийин Голливуд Кыргызстанда тасма тартууну пландап жатат — Ассоль МолдокматоваЖККУнун башкы катчысы КР Коргоо министрлигинин башчысы менен алдыдагы машыгууларды талкуулады«Голливуд жылдыздары таң калууда»: Молдокматова Көчмөндөр оюндарынын масштабына баа бердиКөчмөндөр оюндарында 500дөн ашык адам медициналык жардам сурап кайрылды
Окурман: Бишкекте жарнамалап тиккен туялары куурап калып, кайра жулуп жатышат (видео)
14.05.2024 | 17:56
Борбор калаанын Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда тигилген туялар куурап калгандыктан, “Бишкек жашыл чарба” ишканасы аларды кайра жулуп жатат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окурман билдирди.
Окурман жөнөткөн видеодон көрүнгөндөй, “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери куураган туяларды жулуп, жүк ташуучу унаага жүктөп жатканын көрүүгө болот.
“Жазында тиккен туялары соолуп калып, жулуп жатышат. Тигип жатканда аябай жарнамалашкан эле”, – деп жазды окурман.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом