Кыргызстан жана Пакистандын ТИМ башчылары телефондон сүйлөштү

Кыргызстан жана Пакистандын ТИМ башчылары телефондон сүйлөштү

19-майда  Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМдин маалыматына караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар салттуу достук мүнөзгө ээ болгон Кыргыз-Пакистан мамилелерин эки тараптуу деңгээлде ар кандай чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын, биринчи кезекте БУУ, ШКУ, ИКУ алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын белгилешти.

Министр Ж.Кулубаев 18-майда Бишкек шаарында чет өлкөлүк студенттердин, анын ичинде Пакистандын жарандарынын катышуусунда болгон окуя тууралуу маалымат берип, учурда коомдук тартип толугу менен камсыздалып, кырдаал Кыргызстандын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Ошол эле учурда кыргыз тарап чет элдик ЖМКларда, социалдык тармактарда, анын ичинде Пакистандын аймагында аталган окуя жана Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу жалган жана такталбаган маалыматтар жайылып жатканына олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

Ушуга байланыштуу министр Ж.Кулубаев тастыкталган маалыматты пайдалануунун, ошондой эле Пакистандын маалымат мейкиндигинде Кыргыз-Пакистан мамилелерине зыян келтириши мүмкүн болгон жалган маалыматтарды жана басылмаларды токтотуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Пакистандын тышкы иштер министри М.Дар Министрлер Кабинети тарабынан коомдук тартипти жана пакистандык студенттердин Кыргызстандын аймагындагы коопсуздугун камсыздоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүп жаткандыгы үчүн толук түшүнүү жана ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул багытта активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин белгиледи.

Мындан ары маалымат алмашуу жана Кыргыз-Пакистан мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында тараптар 2024-жылдын 21-майында Астана шаарында ШКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү, ошондой эле жакынкы арада Бишкек шаарында Кыргызстан жана Пакистандын ортосунда консулдук-укуктук маселелер боюнча ТИМдер аралык кеңешмелерди уюштурууну макулдашышты.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистан элдери боордош элдер болуп саналып, эки өлкө ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоо багытында биргелешип иш алып баруу боюнча бир пикирде болушту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>