Казакстанда кафеде жарылуу болуп, 7 адам каза таптыКыргызстан ЕАЭБдин эрежелери бузулгандыгы үчүн Өзбекстанга 29 миңге жакын көчөттү кайтардыЕБ өкүлү кыргыз банктарын санкциялык тизмеден чыгаруу боюнча сунуштар жөнөтүлгөнүн айттыАк-Сууда өзүн-өзү өрттөгөн аялдын артында төрт бала калды. Акыйкатчы ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирдиСадыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» республикалык кеңешме өткөрөтТөө-Ашууда кар көчкү атайлап түшүрүлөт: Жүк ташуучу унааларга чектөө коюлду
Президент убадалаган бекер ККМ аппаратты кантип алса болот? Салык кызматынын жообу
21.05.2024 | 10:00
Мамлекеттик салык кызматы көзөмөл-кассалык машинасын ишкерлерге акысыз берүүнү улантууда. Аны алуунун жол жобосун мекеме Reporter.kg’ге айтып берди.
Маалыматта ишкерди колдоо иретинде 32 миң аппарат сатылып алынганы белгиленет.
Аны алуу үчүн жаран өзүнүн иш жүргүзгөн же катталган аймактагы салык органына арыз менен кайрылыш керек.
ККМ аппараттар ишкерге келишимдин негизинде убактылуу колдонууга берилет.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 5-декабрында “Дордой” базарынын ишкерлери менен жолугушууда 30 миң аппарат сатып алынганын, ал ишкерлерге бекер берилерин айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика